Menu

Фото – ИИМ: Бишкекте ири суммадагы алдамчылык аракеттерге шектелген жаран кармалды

Бөлүшүү:

Ички иштер министрлигинин Криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкерлери ири суммадагы алдамчылыкка шектелген жаранды кармашты. Бул тууралуу бүгүн, 14-январда ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, борбор калаанын бир нече тургундары 2019-жылы күзүндө жасалган мыйзамсыз аракеттердин курмандыгы болушуп, милицияга кайрылышкан.

Шектүү унааларды ээлерине маалымдабай сатып жүргөн, андан кийин акча каражаты менен изин жашырып кеткен. Алдамчылык фактылары боюнча арыздарды кымбат баалуу автоунаалардын ээлери гана эмес, шектүү адамдан унаа сатып алгандар дагы жазган. Арызында жабырлануучулар ири алдамчылык аракеттерди жасаган Канатбек аттуу бейтааныш адамга карата мыйзам чегинде чара көрүүнү суранышкан. Кол салган адам оңой эле жарандардын ишенимине кирип, алдамчылык жол менен мүлктү жана ири өлчөмдөгү акчаны ээлеп алган, ошол эле учурда ал өзүн ийгиликтүү ишкер катары тааныштырып жүргөн.

2019-жылдын ноябрь айынын ортосунда, Бишкек шаарында, ал алдамчылык жол менен отуз жети жаштагы жарандын баасы 13000 доллар турган “Тойота Приус” үлгүсүндөгү автоунаасын ээлеп алган, андан кийин ал дайынсыз жоголгон. Унаанын ээсине келтирилген материалдык чыгым 908 000 сомдон ашык, ал кездеги доллардын расмий курсу 69,8500 сом болгон.

Бир аздан кийин ал ошол эле жылдын ноябрь айында жогорудагы автоунааны башка жаранга 5700 АКШ долларынан ашык акчага сатып жиберип, алган акчасын өзүнө ыйгарып алып, качып кеткендиги белгилүү болгон.

Алдамчылык иш-аракеттеринен жабыр тарткан унаанын ээси милицияга арыз менен кайрылган.
Укук коргоо органдары келип, унааны материалдык далил катары алышкандан кийин, автоунааны сатып алган адам дагы ички иштер органдарына арыз менен кайрылган. Анын айтымында, ага дээрлик 400 миң сом зыян келтирилген.

Мындан тышкары, 2019-жылдын декабрь айында Бишкек шаарында аталган жаран ушул эле алдамчылык жол менен 25 жаштагы жарандын баасы 12000 АКШ доллар турган “Lexus RX 330” үлгүсүндөгү автоунааны ээлеп алган. Шектүү бир аз убакытка унааны пайдаланып турууну сураган, андан кийин ал автоунааны башка жаранга болжол менен 7000 долларга сатып жиберип, акчаны алып качып кеткен. Алданган унаа ээси милицияга арыз жазган. Улуттук банктын тактамасына ылайык, ошол учурда доллардын курсу 69,8357 сом болсо, келтирилген материалдык чыгым 837 000 сомдон ашкан.

Бул факт КЖБРге катталып, сотко чейинки өндүрүштү Бишкек шаарынын Биринчимай районунун ИИБнын Тергөө кызматы Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 204-беренесинин 2-бөлүмү “Алдамчылык” менен жүргүзүүдө.

Мындан тышкары, көрсөтүлгөн жаран башка дагы алдамчылык иш-аракеттерине тиешеси бардыгы аныкталган. 2020-жылдын январь айында борбордун базарларынын биринде ишкердин ишенимине кирип, жалпы баасы 10 40000 сомдон ашкан 20 тонна мандариндерди алдап алып, белгисиз тарапка качып кеткен.

Бул факт КЖБРге катталган. Жасалган кылмыштардын резонансын жана мүнөзүн эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкерлери мындан аркы ыкчам-иликтөө иш-чараларына жүргүзүүгө киришкен.

Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында, бир катар алдамчылык аракеттерге шектелип, мурда соттолгон Алимжанов Канатбек Алимжанович, ал эле Бөкөнов Канатбек Алимжанович, жердиги Ош облусунан болгон борбордун жашоочусу кармалган. Кармоо операциясы Ички иштер министрлигинин КМКнын ыкчам кызматкерлери тарабынан 2020-жылдын декабрь айынын аягында Чүй облусунун Сокулук районунда жүргүзүлгөн. Соттун чечими менен аталган жаранга карата эки айлык мөөнөткө камакка алуу түрүндө бөгөт чарасы тандалды.

Жогоруда айтылгандар бир эле адам тарабынан жасалгандыгын эске алып, толук жана объективдүү тергөө максатында, кылмыш ишинин материалдары бир өндүрүшкө бириктирилген. Сотко чейинки тергөө амалдарын Биринчимай райондук Ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматы жүргүзүүдө. Учурда жабырлануучуларды табуу, жаран Алимжанов (Бөкөнов) Канатбек Алимжанович катышкан башка алдамчылык фактыларын аныктоо максатында тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Криминалдык милиция кызматы кандайдыр-бир маалыматы бар же жогорудагы адамдын колунан жабыр тарткан жарандар болсо төмөнкү телефон номурларга кабарлап коюну суранат: 0312266261, 0703000570.

Тергөө иштери уланууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 96 − = 87

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: