“Биздин өлкөлөрдү узак тарых жана өнөктөштүк байланыштырып турат. Ошондой эле Кыргызстандагы орус тилинин расмий статусу сакталып кала берет”, – деди кезексиз президенттик шайлоодо жеңишке жеткен Садыр Жапаров Россиянын “Биринчи каналына” берген маегинде.
“Биздин Россия менен мамилебиз мыкты деңгээлде. Биздин саясий, дипломатиялык жана аскердик мамилелерибиз бар жана биз бул мамилелерди мындан да жогорку деңгээлге жеткирүүнү көздөп жатабыз. Биз Россия менен достук мамилебизди улантабыз, Россиясыз биз үчүн өтө оор болорун ачык моюнга алышыбыз керек.” , – деди Садыр Жапаров.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда орус тили расмий статуска ээ жана бул Конституцияда бекитилген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ