Menu

Видео – “Ала-Тоо” аянтында өлкөнүн башкы балатысы алынып башталды

Бөлүшүү:

“Ала-Тоо” борбордук аянтында өлкөнүн башкы балатысы алынып башталды. Бул тууралуу бүгүн, 14-январда борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, алгач “Бишкексвет” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери ишке киришти. Алар оюнчуктарды жана башка жасалгаларды жыйнап жатышат. Андан кийин балатынын конструкциясын “Тазалык” ишканасынын кызматкерлери алышат.

Мындан эки күн мурун, “Бишкексвет” ишканасынын кызматкерлер “Ала-Тоо” аянтындагы башка жаңы жылдык инсталляцияларды жана Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук Филармониясынын жанындагы жана Ак үйдүн имаратынын жанына орнотулган балатыларды алышты.

Белгилей кетсек, COVID-19 пандемиясына байланыштуу быйылкы жаңы жылдык балаты былтыркы жасалгалар менен кооздолгон.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 84 = 91

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: