Бүгүн, 14-январда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту криминалдык авторитет Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча кылмыш ишин кароо улантылды.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары сот имаратында митинг уюштурушту. 30га жакын адам анын бошотулушун талап кылышууда. Ошондой эле, алар экс-президент Сооронбай Жээнбековдун камалышын талап кылышты.
Белгилей кетсек, Алмазбек Атамбаевге каршы бир нече кылмыш иши козголгон, анын ичинде криминалдык авторитет Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу, Кой-Таш айылындагы 2019-жылдын 7-8-августундагы башаламандык, коррупциялык фактылар жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу боюнча да кылмыш иштери бар.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ