Menu

Нарында акцияга чыккандардын бири өзүн өрттөгөнгө аракет кылды

Бөлүшүү:

Нарын шаарында 14-январда мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын нааразылык акциясына катышкандардын бири өзүн өзү өрттөгөнгө аракет кылды.

Нарын облустук администрациясынын алдына «Насип Кайып» майыптар коомдук бирикмесинин жетекчиси Замира Абдраева баштаган 7-8 киши чогулду. Окуяга күбө болгон кабарчынын айтымында, катышуучулардын бири жанына ала келген бензинди тегерегине чача баштаганда жанындагылар жана милиция кызматкери токтотуп калышты. Окуя акциянын катышуучулары шаардын жетекчилиги менен жолугуу үчүн имаратка кирип баратканда болгон.

Акцияга чыккандар журналисттерге сүйлөп берүүдөн баш тартышты.

Алар Нарын шаарынын Москва кичирайонунда курулган он батирлүү муниципалдык турак жайды менчиктештирип берүүнү талап кылышууда.

Шаардын мэри Нурбек Молдокадыров мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн салынган батирди менчиктештирүү мыйзам чегинде болушу керек экенин, бул боюнча атайын комиссия иштеп жатканын айтты.

Сөз болуп жаткан үйдө учурда 10 үй-бүлө жашайт. Ал мамлекеттик бюджеттин эсебинен 2018-жылы 15 млн. сомго курулуп, пайдаланууга берилген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 27 = 34

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: