Бүгүн, 15-январга карата өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жаңы 134 учуру аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 46, Ош шаарынан – 3, Чүй облусунан – 45, Ош облусунан – 12, Жалал-Абад облусунан – 8, Нарын облусунан – 2, Ысык-Көл облусунан – 15, Баткен облусунан – 3 катталды. Ошентип, өлкөдө жалпысынан 82 857 адам ооруга чалдыккан.
Өткөн сутка ичинде 152 адам оорудан айыгып ооруканадан чыгарылган. Алардын жалпы саны 78 715ке жетти.
Оорудан айыккандар: Бишкек шаарынан – 78, Ош шаарынан – 2, Чүй облусунан – 34, Ош облусунан – 8, Талас облусунан – 1, Ысык-Көл облусунан – 14, Жалал-Абад облусунан – 13, Баткен облусунан – 1, Нарын облусунан – 1.
Акыркы бир сутка ичинде коронавирустан 3 бейтап: Бишкек шаарынан – 1, , Чүй облусунан – 1, Ош облусунан – 1 каза болду. Алардын жалпы саны 1381ге жетти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ