Menu

Алайкуу өрөөнүндө калыңдыгы 1 метр кар жаады

Бөлүшүү:

Алайкуу өрөөнүндө калыңдыгы 1 метр болгон кар жаады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Ош облусунун Кара-Кулжа районунунда 2021-жылдын 14-январына караган түнү жааган калың кардын кесепетинен, Алайкуу өрөөнүнүн Ой-Тал айыл өкмөтүндө кардын калындыгы 1 метр, Капчыгай айыл өкмөтүнүн аймагында 70-80-сантиметр жааган.

Мындан улам, Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолу, 42-чакырымдан (Чаар-Арча чеги) 93-чакырымга чейин (Кыргый чеги) жол каттамы убактылуу жабылды. Аны ачуу үчүн № 26 Жол тейлөө ишканасынын 6 техникасы иштеп жатат.

(42-чакырымда 1 даана автопогрузчик, 1 даана автогрейдер, 60-чакырымда Сары-Бээ айылында 1 даана бульдозер ДТ-75, 72-чакырымда Кара-Таш айылында 1 даана бульдозер ТY-230, 87-чакырымда Көндүк-Чаты чеги 1 даана автопогрузчик, 92-чакырымында Ой-Тал айылында 1 даана бульдозер ТY-230).

Жолдун оор болгонуна байланыштуу аталган жолдо кечки саат 18:00дөн тартып эртең мененки саат 08:00гө чейин чектөө да киргизилди.

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кар көчкү түшүүчү кооптуу участкалар Ичке-Суу айылынан (52-чакырымынан) тартып, Ой-Тал айылына (92-чакырымына) чейин экени эскертет.

ӨКМдин Ош облустук башкармалыгынын Кара-Кулжа райондук Өрткө каршы куткаруу бөлүгү тарабынан райондун борбордук автобекетинде тоолуу аймактарга каттаган такси айдоочуларына, туруксуз аба-ырайына байланыштуу, кырсыктардын тобокелдүүлүгү айтылып, атайын баракчалар таратылды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: