“Бишкек санитардык полигону” ишканасында жаңы директор дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-январда Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, мэрияда кадрдык өзгөрүүлөр болду.
“Бишкек санитардык полигону” муниципалдык ишканасынын директору Наматов Нурлан Аманович ээлеген кызматынан бошотулду. Эми ишкананы Назаров Адил Качкынбаевич жетектейт, буга чейин ал “Тазалык” муниципалдык ишканасынын башчысынын орун басары кызматын аркалап келген.
Тиешелүү буйрукка мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кол койду.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ