Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинен коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрүнөн пара талап кылышкан. Бул тууралуу бүгүн, 15-январда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Билдирүүгө ылайык, Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Чүй-Бишкек аймактык башкармалыгында социалдык жана соода объектилерин куруу үчүн зарыл болгон мамлекеттик экологиялык экспертизанын оң корутундусун бергендиги үчүн курулуш компанияларынан акча каражаттарын мыйзамсыз алуу боюнча коррупциялык схема аныкталды.
Аталган бөлүмдүн кызматкерлери уруксат алуу документтерин жасоодо атайын тоскоолдуктарды жаратуучу механизмди киргизишкен. Мындан улам алар коммерциялык уюмдардын өкүлдөрүн 500дөн 5000 долларга чейин акча берүүгө мажбурлашкан.
Буга байланыштуу УКМК коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери 14-январда мамлекеттик мекеменин улук инспекторун кезектеги акчалай сыйлыкты алып жаткан жеринен кармашкан.
Атайын кызматтар кылмышка башка кызмат адамдарынын тиешеси бар-жогун аныктап жатышат. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ