Menu

Фото – Финпол “Не сахар” долбоору менен биргеликте мөөнөтү өтүп кеткен кондитердик азыктардын дагы бир кампасын тапты

Бөлүшүү:

2021-жылдын 12-январында, Финансы полициясынын кызматкерлери “Не сахар” долбоору менен биргеликте дагы бир кампаны табышты. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Анда 2018-жылга чейин жарактуулук мөөнөтү өтүп кеткен, көп өлчөмдөгү кондитердик азыктар (конфеттер, печенье жана ар кандай таттуулар) сакталып турган.

Ушул эле кампадан таңгактардагы чыгарылган күндү оңдош (өзгөртүш) үчүн мөөрлөр, ошондой эле иш жүзүндө жарактуулук мөөнөтү жок азыктар табылган жана алынган. Мөөнөтү бүткөн азыктар бар, табылган кампага мөөр басылган.

Бул факт боюнча тергөө иштери жүрүп жатат, анын жүрүшүн ЭККМКнын төрагасы С.А. Жапыкеев өзү көзөмөлгө алды. Муну менен катар Финансы полициясы республика боюнча ушул сыяктуу фактыларды аныктоого багытталган тиешелүү иш- чараларды көрүүнү улантууда.

“Урматтуу бизнес өкүлдөрү! Эгерде сиз сатып жаткан товардын мөөнөтү өтүп кеткен жана талаптагыдай сапатына жооп бербей жатканы белгилүү болуп калса, анда биз сизден пайда көрбөөгө жана калктын ден соолугуна коркунуч келтирбөөгө чакырабыз”, – деп айтылат Финполдун басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: