Menu

Мырзакматов өкмөт башчы болуп иштей албайт, билими, тажрыйбасы жетпейт

Бөлүшүү:

Соцтармакта айрым жалданма жагымпоздор Мелис Мырзакматовдун премьер-министр болушун самашып, жарашпаса да айга-күнгө теңешип, удургуп атышат. “Кой” деген кожо жок, кызык эле күлкүлүү көрүнүштөргө күбө болуудабыз. Мырзакматов аткаруу кызматында толук кандуу тажрыйбасы жок. Убагында коммерсант болуп жүрүп, кыска убакыт депутат, анан Ош шаарынын мэрлигин аркалаган. Курулай популизм, пиар менен гана алектенгени белгилүү.

Ошентип көөп жүрүп, эстакадалык көпүрөнү туура эмес куруп, коррупциялык былыгы ачылып, кылмыш иши козголгондо качып кеткен. Жаңы бийлик келгенде биринчилерден болуп акталып, “устукан” алууга ашыкты эле, тилеги таш капты. Эми соцтармактан өзүн мактатып, премьер-министрликти басып жыгылууга ашыккан кербези. Амбициясы аттын башындай эй! Аныгында, Мырзакматов өкмөт башчы катары иштей албайт да. Билими, тажрыйбасы жетишпейт. Экономиканын “э” тамгасын билет бекен? Кыскасы, өпкөлөнбөй эле коммерциясын кылып, тек гана жүрө берсе… Кутура берсе дагы бир балээге чалынбасын, ыя?

Булак: “Азия Ньюс” гезити

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 38 = 48

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: