Кыргыз Республикасынын УКМК ККК тарабынан системалык коррупцияларды жоюу боюнча иш-чаралардын жүрүшүндө, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Чүй-Бишкек аймактык башкармалыгынын социалдык жана соода объектилерин куруу үчүн зарыл болгон мамлекеттик экологиялык экспертизанын корутундусун бергендиги боюнча курулуш компанияларынан мыйзамсыз акчалай сыйакыларды үзгүлтүксүз алуудагы туруктуу коррупциялык схемасы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.
Аталган бөлүмдүн жооптуу кызматкерлери мыйзамсыз баюу максатында, уруксат кагаздарын жана лицензияларды алууда жасалма жол менен тоскоолдуктарды жаратуучу механизмдерди киргизип, коммерциялык уюмдардын өкүлдөрүн 500дөн 5000 АКШ долларга чейин пара берүүгө мажбурлашкан.
2021-жылдын 14-январында көрүлгөн чаралардын натыйжасында, кезектеги акчалай сыйлыкты алгандан кийин, аталган мамлекеттик мекеменин улук инспектору пара алып жаткан жеринен кармалды.
Азыркы учурда бул ишке башка кызмат адамдарынын катыштыгы бар экендиги аныкталууда.
Тергөө жүрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ