Menu

Тазалык ишканасында иштеген аялга кол көтөргөн шектүү кармалып, тергөөгө камсыздалды

Бөлүшүү:

Тазалык ишканасында иштеген аялга кол көтөргөн шектүү кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 24-декабрь саат 04.30 чамада Жалал-Абад шаарынын Ж.Бакиев көчөсүндө Тазалык ишканасынын жумушчусу М.Хакимованы белгисиз азиат улутундагы 25-30 жаштардагы бала уруп окуя болгон жерден качып кеткен.

Бул факты боюнча топтолгон материал (жабырлануучу арыз жазган)  Жалал-Абад ШИИБдин КЖБРне катталып, КРнын Жазык кодексинин 266-беренесиинин (Ээнбаштык) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Шектүүнү аныктап тергөөгө камсыздоо боюнча тергөө тапшырмалары берилген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында аталган окуяга шектүү катары Сузак районунун К.У. аттуу 30 жаштагы тургуну аныкталып, 2021-жылдын 15-январь күнү тергөөгө камсыздалган.

Тергөөнүн жүрүшүндө жабырлануучу шектүүнү таанып, аны К.У. уруп денесине жараат келтиргендигин көрсөткөн. Бирок учурда ага карата доо-арызы жоктугун билдирип, тосмо арызын жазып берген.

Азыркы учурда тергөө амалдары улантылып жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 85 − = 76

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: