Menu

ИИМ жоголгон же жараксыз документтерди башка өлкөдө пайдалануунун кесепети жөнүндө эскертет

Бөлүшүү:

Интерпол эл аралык кылмыш полициясынын уюмуна мүчө мамлекеттер эсептегендей, кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча чаралардын бири болуп жараксыз документтерди жана чет өлкөгө чыгуучу паспортторду пайдалангандарды чек арачылар менен полиция кызматтарынын көзөмөлү эсептелет, – деп маалымдайт Кыргыз Республикасынын ИИМдин Интерпол улуттук борбордук бюросу.

Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын жарандарын төмөнкү кеңештерге көңүл бурууга чакырат:

– мурда жоголгон чет өлкөгө чыгуучу паспортторду жана ID-карталарды пайдалануу акылсыздык жана туура эмес;

– эгерде мурда чет өлкөгө чыгуучу паспортторду паспортуңарды же ID-картаңардын жоголгондугу жөнүндө арыз жазып, кийинчерээк тапкан болсоңор чет мамлекетке чыгуулар үчүн аларды пайдаланбагыла;

– жоголгон же уурдалган паспорттор жана ID-карталар тууралуу Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынан алынган маалыматтар Интерпол эл аралык кылмыш полициясынын уюмуна мүчө мамлекеттердин бардыгына жөнөтүлөт;

– эгерде чет мамлекетке ушундай документтер менен кирүүгө аракет кыла турган болсо, ага чек арадан өтүүгө жол берилбейт, андан сырткары, чек ара кызматы тарабынан жагдайды тактоо үчүн кармалат.

Жарандардан паспортун алган учурда анын өздүгүн жана жарандыгын тактай турган документтеринен айрылат. Бардык административдик-укуктук терс кесепеттерге, материалдык жана моралдык ыңгайсыздыктарга туш болгон жарандын жеңил ойлуу жүрүм-турумунан келип чыгат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 92 − 82 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: