“Кыргызстандын түндүк аймагына 264 млн куб.м жаратылыш газын Газпром Кыргызстан ишканасы Казакстандын “КазТрансГаз” ишканасынан сатып алып, Кыргызстандын аймагында жеке жактарга 1 м3 17,84 сомдон (Казакстанда 4,58 сом), коммерциялык жактарга 1 м3 21,36 сомдон (Казакстанда 7,09 сомдон) сатышат” – деп билдирди бүгүн, 17-январда “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын Саясый кеңешинин мүчөсү Мирбек Мунарбек уулу Facebook социалдык тармагындагы баракчасына.
“Ушул эле ишкана (Газпром Кыргызстан) Өзбекстандын “Узбекнефтегаз” ишканасынан сатып алып, Кыргызстандын түштүк аймагына, жеке жактарга 1 м3 17,84 сомдон (Өзбекстанда 3,06 сом), коммерциялык жактарга 1 м3 21,36 сомдон (Өзбекстанда 8.05 сом) сатышат.
Бишкек шаарында ЖЭБди жана 22 котельныйды газга өткөрүү мерчемделип жатат, бирок жогорудагы тарифтер менен жылуулук жана ысык суунун баасы кошуна өлкөлөргө караганда 7 эсе кымбат, ал эми ЖЭБ өндүргөн электр энергиянын өздүк наркы дүйнөдөгү эң кымбат баага айланат.
(Кыргызстанда жылытуу системасына короткон газдын баасы 21,36 сомдон, Өзбекстанда 3,06, Казакстанда 3,60-6,35)
Элге, жеке менчик ишканаларга, элди ысык суу жана жылуулук менен камсыз кылган ишканаларга газдын баасын 2 эсе арзандаткан учурда гана шаарды каптаган түтүндөн, экологиянын бузулушунан сактап калабыз”, – деп кошумчалады ал.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ