Menu

Тажикстанда жашы жете электерге карата сексуалдык зомбулук көрсөткөндөргө жаза катаалдайт

Бөлүшүү:

Тажикстанда жашы жете электерге сексуалдык зомбулук жана ыдык көрсөткөндөргө карата жазаны катаалдатуу маселеси каралууда: парламент депутаттары мындай кылмыш кылгандарды ата-энелик укуктан ажыратууну жана балдарды тарбиялоого байланышкан жумуштарда иштөөсүнө тыюу салууну сунуштап жатышат.

Эл өкүлдөрүнүн сунушуна ылайык, сутенерлор, сойкукана ээлери жана балдарынын саламаттыгына атайылап зыян келтирген жарандар да ата-энелик укуктан ажыратылышы керек.

Ошол эле маалда Тажикстандын жарандык коом өкүлдөрү да «Жашы жете электерге карата сексуалдык кылмыш кылуу» мыйзамына өз өзгөртүүлөрүн сунуштап жатышат. Алар бийликти 14 жашка чыга электер менен болгон бардык жыныстык катнаштарды, анын ичинде өз ара макулдашуу аркылуу болгон учурларды да зордуктоо катары эсептөөгө, мындай кылмыш кылгандарга мунапыс бербөөгө чакырышууда.

Январдын башында жарандык коом өкүлдөрү президент Эмомали Рахмонго жана парламенттин эки палатасынын төрагаларына кайрылып, Тажикстандагы өспүрүмдөрдү сексуалдык зомбулуктан коргоону өтүнүшкөн.

2020-жылы декабрда Гиссар шаардык соту жашы жете элек кызды зордуктоого айыпталган кишини беш жылга эркинен ажыратып, бирок дароо мунапыс менен сот залынан бошоткон. Соттун бул чечими социалдык түйүн колдонуучуларынын нааразылыгын жараткан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 95 − 92 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: