Menu

Алматыда 20 миңден ашык бюллетень жараксыз деп табылды

Бөлүшүү:

Алматыда 10-январда өткөн шайлоолордо үкөктөргө салынган 20 миңден ашык бюллетень жараксыз деп табылды. Бул тууралуу аймактык шайлоо комиссиясы билдирди.

Маалыматка караганда, жараксыз деп табылган бюллетендердин 10 280и парламент мажилисин, 10 364ү Алматы маслихатын шайлоо үчүн салынган. Бул шайлоочуларга берилген жалпы бюллетендердин 3% жакынын түзөт.

— Шайлоочунун тандоосун так аныктоого мүмкүн болбогон бюллетендер жараксыз деп табылды. Алардын арасында талапкерлердин аты-жөнү чийилген, башка сөздөр жазылган жана эч бир талапкерге добуш берилбеген бюллетендер бар», — деди аймактык шайлоо комиссиясынын башчысы Жанна Асанова.

10-январдагы шайлоонун алдында оппозициялык маанайдагы бир катар активисттер жарандарды «адилетсиз» шайлоого нааразылык катары бюллетендерди атайылап бузууга чакырышкан. Добуш берүү күнү социалдык түйүндөргө партиялардын аталыштары сызылган же шайлоого катышпаган башка талапкерлердин аты-жөнү жазылган көптөгөн бюллетендердин сүрөттөрү жарыяланган.

Азырынча жалпы өлкө боюнча канча бюллетень жараксыз деп табылганы белгисиз.

Казакстанда 2011-жылдан бери шайлоо бюллетендеринде «баарына каршы» деген графа жазылбайт.

Өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) маалыматына караганда, парламенттик шайлоодо Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин «Нур Отан» партиясы добуштардын 71% алып, мажилистеги 76 орунга ээ болду. Мындан тышкары парламенттин төмөнкү палатасына бийликчил «Ак жол» жана «Элдик партия» өттү. Шайлоого оппозициялык күчтөр катышкан эмес.

Алматы шаардык маслихатын шайлоодо «Нур Отан» партиясы добуштардын 68% алып, жергиликтүү кеңештеги 29 орунга ээ болду. Дагы он мандат «Ак жол», «Элдик партия» жана «Ауыла» партияларына тийди.

Казакстандын бийлиги бул шайлоолор таза жана мыйзам бузууларсыз өткөнүн билдирди. Өз кезегинде ЕККУ миссиясынын байкоочулары шайлоолор атаандашсыздыкта өтүп, жарандар Конституция менен кепилденген эркиндиктери чектелгендиктен, чыныгы тандоо кыла албаганын белгилешти. Мындан тышкары уюм добуш берүү күнү адамдардын кармалышын айыптаган билдирүүсүн да жарыялады.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 83 − = 82

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: