Menu

Экс-вице-премьер-министр Аида Исмаилова Финполицияга суракка чакырылды

Бөлүшүү:

Экс-вице-премьер-министр Аида Исмаилова Финполицияга суракка чакырылды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын төрагасы Сыймык Жапыкеев журналисттер менен жолугушууда билдирди.

Анын айтымында, коронавирус пандемиясы учурунда социалдык блокту жана саламаттыкты сактоону көзөмөлдөгөн бардык аткаминерлер суракка чакырылат.

Финполициянын тергөө бөлүмүнүн башчысы Кубанычбек Рисбаев козголгон иштин алкагында экс-премьер-министрлер Мухаммедкалый Абылгазиев менен Кубатбек Бороновдун, мурдагы вице-премьер-министрлер Алтынай Өмүрбекова жана Аида Исмаилованын, мурдагы саламаттыкты сактоо министрлери Космосбек Чолпонбаев менен Абдикарим Сабиржановдун, ошондой эле экс-каржы министри Бактыгүл Жээнбаеванын жоопкерчилиги каралып жатканын айтты.

“Өндүрүштү эки бөлүккө бөлдүк: пандемияга даярдануу жана ага каршы күрөшүү”, – деди ал.

Мындан тышкары, коронавирус пандемиясы учурунда алынган жардамды бөлүштүрүү маселеси өзүнчө өндүрүштө каралып жатканын кошумчалады.

Маселе жетекчиликтин көзөмөлүндө, азыр текшерүү жүрүп жатат. Аны бүткөндөн кийин күнөөлүүлөрдүн жоопкерчилигин карайбыз. Жыйынтыгы бир айдын ичинде – февралдын ортосуна чейин белгилүү болот деп ойлойм ”, – деди ал.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 46 − 45 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: