Menu

Алмазбек Атамбаев ооруп жаткандыктан бүгүнкү соттук отурумга катышкан жок

Бөлүшүү:

Бүгүн, 18-январда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге жана башка айыпталуучуларга каршы сот ишин улантты. Отурумда судья Азирет Медеров төрагалык кылууда.

Бүгүнкү отурумга Атамбаев, бир нече юристтер жана жабыркаган тараптын айрым өкүлдөрү катышкан жок. Күзөтчүлөр ден соолугуна байланыштуу сот ишин ансыз өткөрүүнү суранган Атамбаевдин билдирүүсүн беришти. Арызга №47 колониядан берилген маалымкат тиркелген. Анда Атамбаевдин бели ооруп жаткандыгы жазылган.

Белгилей кетсек, сот бир процессте бириктирилген үч кылмыш ишин карап жатат. Үч эпизоддо тең Атамбаев айыпталып жатат.

Ал Кой-Таш айылынан жер тилкелерин мыйзамсыз алганы, мыйзамсыз байыганы жана 2019-жылы 7-8-августта Кой-Таш айылында болгон башаламандыктар үчүн айыпталууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 73 = 82

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: