Menu

Видео – Мавлян Аскарбеков: “Убагында Атамбаев жансакчы, шоопурлары менен биргеликте “Кыргызгазды” 1 долларга сатып жиберген”

Бөлүшүү:

“Убагында Атамбаев “Кыргызгазды” бир долларга сатып жатканда биз, көчө оппозициясы каршы чыгып, митингдерди кылып, камалып, соттолгонбуз”, – деп билдирди бүгүн, 18-январда Бишкектин Биринчи май районунун акиминин орун басары Мавлян Аскарбеков Facebook социалдык тармагындагы баракчасы аркылуу.

“Биз ошондо Атамбаевге “Кыргызгазды” сатпаңыз дегенбиз. Аны жок дегенде 3 компанияга: “газ изилдөөчү”, “газ өндүрүүчү” жана “газ бөлүштүрүүчү” бөлүп, ошонун негизгисин калтырып, калганын аукционго чыгаруу сунушун да бергенбиз. Тилекке каршы, эч кандай аракеттерди көрбөй, Атамбаев өзүнүн жансакчы, шоопурлары менен биргеликте “Кыргызгазды” 1 долларга сатып жиберген. А бүгүнкү күндө кыргыз эли газды Борбор Азия гана эмес, Евразия чөлкөмүндө эң кымбат баада сатып алып жатат. Эгерде убагында баарыбыз чогуу чыгып, мамлекетибиздин байлыгын сактап калганда, бүгүн мындай болмок эмес”, – деди ал.

Ал УКМКнын жана Финполициянын төрагасына кайрылып, “Кыргызгаз” боюнча кылмыш ишин козгоону суранды.

“Бүгүн биздин балдар кара түтүнгө ууланып жатат. Себеби, убагында Атамбаев Кыргызгазды” 1 долларга сатып жиберген. 1 долларга сатып жатканда Кулмурзаевге окшогон Атамбаевдин достору, жан-жөкөрлөрү миллионер болуп кетишкен. Мунун барын иликтеп, тактап чыгыш керек”, – деди ал.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 34 = 36

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: