Menu

Ашхабад ооруканаларында COVID-19 менен ооруган бейтаптар үчүн орун жетишсиз болууда

Бөлүшүү:

Ашхабадда ооруканаларда орун жетишпей, бейтаптардын абалы бираз дурус болгон соң эле үйлөрүнө чыгарылууда. Бул тууралуу “Азаттыктын” түркмөн кызматы өз булактарына таянуу менен билдирди.

Мындан тышкары COVID-19дун белгилери байкалып, бирок ооруканага жатуудан баш тарткан кишилерге карата көрүлө турган чаралар жумшартылды.

Бул арада өткөн аптада Түркмөнабад шаарындагы көп функционалдуу ооруканага саламаттык сактоо министри иш сапар менен келерде мекеменин жетекчилиги коронавирустун белгилери байкалган кызматкерлерди “көздөн далдоо болууга” көрсөтмө бергени айтылууда.

Министр келерден бир күн мурун карантин бөлүмүндө иштеген бир нече кызматкерден, анын ичинде тазалык кызматкеринен коронавирус аныкталган. Оорукана жетекчилиги аларды дарылоодон баш тартып, жумушка келбей турууну сунуштаган. “Азаттыктын” казак кызматы өз булактарынын коопсуздугун сактоо максатында ооруп жаткан кызматкерлердин атын атаган жок.

Түркмөнстанда COVID-19 менен ооругандардын жана өлгөндөрдүн саны көбөйүп жатканына карабай, бийлик өлкөдө коронавирус жок экенин билдирип келет. Расмий Ашхабад бүгүнкү күнгө чейин COVID-19ду аныктоо үчүн тапшырылган анализдердин үлгүлөрүн Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) лабораторияларына жөнөтө элек.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 23 − 22 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: