Menu

Сокулукта малчы болуп иштеген 40 жаштагы киши 1 миллион сомдон ашык акчаны уурдоого шектелип кармалды

Бөлүшүү:

Сокулук районунда ири суммадагы акча уурдоого шектүү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-январда Чүй ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, 16-январда Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнө телефон чалуу болуп, Сокулук районунун Шалта айылындагы үйлөрдүн биринен ири суммадагы акча каражаты уурдалгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Бул маалыматтын негизинде көрсөтүлгөн дарекке дароо Сокулук РИИБдүн ыкчам тергөө тобу чыгышкан. Милиция кызматкерлерине 51 жаштагы К.К. аттуу жаран арыз менен кайрылып, 15-январдан 16-январга караган түнү анын малчысы үйүнө бирөө кирип 1 миллион сомдон ашуун акча каражатын уурдап белгисиз тарапка из жашырып кеткенин билдирген.

Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КР Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Териштирүү учурунда кылмышка шектелген жаран 6 айдан ашык убакыттан бери малчы болуп иштеп, арыздануучунун үйүнүн жанындагы времянкада жашап келген.

Чүй облусунун ИИББдин жана Сокулук РИИБдүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдарынын жыйынтыгында, жогорудагы кылмышка шектелип, мурда бир нече жолу соттолгон 40 жаштагы М.С. Бишкек шаарындагы күнүмдүк берилген батирлердин биринен кармалган.

Шектүүнүн жашаган жеринен уурдалган каражаттардын 1 миллион сому табылып, калган суммасын иштетип жибергени аныкталган. Табылган каражат  ээсине кайтарылылып берилип, шектүү убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 69 − 65 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: