Menu

Казакстанда элди жапырт эмдөө 1-февралда башталат

Бөлүшүү:

Казакстанда 1-февралдан тартып калкты жапырт коронавируска каршы эмдөө иши башталат. Бул тууралуу 19-январдагы өкмөт жыйынында өлкөнүн саламаттык сактоо министри Алексей Цой кабарлады. Министрлик жыл соңуна чейин 6 миллион кишини эмдөөнү пландоодо.

“Биринчи кезекте инфекциялык оорукана, тез жардам, реанимация бөлүмү, ооруканалардын кабыл алуу бөлүмүндө иштеген кызматкерлер, санитардык-эпидемиологиялык кызматкерлер эмделет. Бул болжол менен 100 миң киши. Эмдөө 2021-жылы 1-февралда башталат”, деди Цой.

Мартта мектеп мугалимдери, жогорку окуу жайлардын окутуучулары, апрелде мектеп-интернаттардын, бала бакчалардын кызматкерлери, студенттер жана өнөкөт оорулары бар бейтаптар эмдөөдөн өтөт.

Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин өткөн айдын соңунда өлкөдө орусиялык “Спутник V” вакцинасын өндүрүү башталганын жарыялаган. Ал эмдөө 2021-жылы февралда старт аларын билдирген.

Буга чейин Жамбыл облусунда наркы 7 млрд. теңгеге (16,5 млн долларга) бааланган коронавируска каршы казакстандык вакцина чыгара турган завод курула баштаганы айтылган. Ага ылайык, завод жылына 30-60 млн. доза өлчөмүндө коронавируска каршы вакцина өндүрмөкчү. Андан тышкары куш тумоосу, бруцеллез, дерматит сыяктуу илдеттерге каршы вакциналар чыгарылары айтылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: