Menu

Вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева борбордогу № 19 орто мектептин жаңы окуу корпусунун ачылыш салтанатына катышты

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Эльвира Сурабалдиева Бишкек шаарындагы № 19 орто мектептин жаңы окуу корпусунун ачылыш салтанатына катышты. Бул тууралуу бүгүн, 19-январда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Белгилесек, кошумча корпустун курулушу 2020-жылы Бишкек шаардык мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын линиясы боюнча башталган. 198 орунга эсептелген долбоордун жалпы наркы 45 миллион сомдон ашуун сумманы түздү.

Мектептин кошумча эки кабаттуу корпусунда 8 окуу кабинети, китепкана, хореографиялык зал, 20 компьютер жана интерактивдик панель менен жабдылган электрондук китепкана каралган.

Вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева билим берүү обьктилеринини курулушунун маанилүүлүгүн белгиледи.

«Билим берүү жана саламаттык сактоо объектилеринин абалы – тийиштүү чечимди жана бюджеттен каржыланууну талап кылган курч маселелердин катарына кирет. Пандемияга байланыштуу, тилекке каршы, айрым билим берүү обьктилеринин курулушун каржылоо боюнча кыйынчылыктар жаралды. Бирок Өкмөт курулушу 70%дан ашуун бүткөрүлгөн мектептердин курулушун жыйынтыктоого, ошондой эле авариялык абалдагы мектептерди оңдоо үчүн каражаттарды табуу маселеси үстүндө артыкчылыктуу иш алып барууда. Мен жергиликтүү бюджет эсебинен курулган № 19 орто мектептин жаңы окуу корпусунун ачылышына катышып жаткандыгыма абдан кубанычтамын. Пандемияга жана башка объективдүү себептерге карабастан, жаңы блоктун курулушу жыйынтыкталып, анда балдардын билим алып баштагандыгы сүйүнүчтүү. Мында балдарды өнүктүрүү үчүн мыкты шарттар түзүлгөн», – деди ал.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 43 = 46

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: