Menu

Финполиция: “Балыкчы шаарына видео байкоону орнотуу” долбоорун ишке ашырууда бюджетке 3 млн сом зыян келтирилген

Бөлүшүү:

Ысык-Көл облусу боюнча финансы полициясы “Балыкчы шаарына видео байкоону орнотуу” долбоорун ишке ашырууда жумуштун көлөмүнүн наркын жогорулатуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 20-январда Финполициянын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондун башкаруу боюнча дирекциясы менен “Н.С” ЖЧКсынын ортосунда 2018-жылы аталган долбоорду ишке ашыруу үчүн 10 миллион сомго жакын суммадагы келишим түзүлгөндүгү аныкталды.

Берилген маалыматтарга ылайык, бул объект боюнча аппараттык- программалык комплекстер 7 миллион сомго жакын суммага сатылып алынган, бирок аткарылган жумуштардын актысында аталган аппараттык комплекстер 2 миллион сомго көтөрүлгөн айырма менен эсептен чыгарылган.

Ошондой эле, аткарылган жумуштардын актысынын жалпы наркы КНС менен кошо көрсөтүлөт, ал эми “Н.С” ЖЧКсы жумуш тапшырылган учурда КНС төлөөчү болгон эмес жана аткарылган жумуш үчүн салыктын ушул түрүн төлөгөн эмес.

Ошентип, аталган ЖЧКнын мыйзамсыз иш-аракеттеринин натыйжасында мамлекеттин бюджетине 3 миллион сомго жакын суммада өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.

Учурда, кызмат адамдарынын катыштыгы аныкталып, келтирилген зыяндын ордун толтуруу чаралары көрүлүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 83 − 80 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: