Menu

Казакстандагы Аскердик институт «тартип бузган» эки тажикстандык курсантты окуудан чыгарды

Бөлүшүү:

Казакстандын Улуттук гвардиясына караштуу Аскердик институт тажикстандык эки курсантты окуудан чыгарды.

Курсанттар Зиёратшо жана Аваз Курбоновдордун айтымында, алар казакстандык курсташтары тарабынан сабалган. Бирок институт жетекчилиги тескерисинче, алардын өзүлөрүн күнөөлүү кылып койгон.

«6-январда казакстандык курсанттар мага көмкөрөңөн жат дешти. Бирок мен лейтенант болуп, наамым алардыкынан жогору болгондуктан, буйрукту аткаруудан баш тарттым. Анан Бакитбеков аттуу курсант бизди казакча сөгүп, ортодо чыр чыгып кетти. Ошол маалда офицерлер келип бизди ажыратып калышты», — деди Аваз Курбонов.

Анын айтымында, ошол эле түнү 160ка жакын казакстандык курсант казармадагы жарыкты өчүрүп, тажикстандык 10 курсантты катуу сабашкан.

Бул окуядан кийин окуу жай жайгашкан Петропавловск шаардык соту казакстандык курсанттардын биринин арызынын негизинде Аваз Курбоновду «Атайылап денеге оор залал келтирүү» беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, 100 доллар өлчөмүндө айып пул төлөөгө милдеттендирген.

Сот өкүмүнөн кийин институттун жетекчилиги аларды окуудан чыгарган. Окуу жайдын жетекчилиги кол койгон буйрукта тажикстандык курсанттар «аскердик тартипти бузганы үчүн» окуудан чыгарылганы жазылган.

Бүгүнкү күндө аталган Аскердик институтта тажикстандык 37 курсант билим алууда. Аларды бул окуу жайга Тажикстандын Ички иштер министрлиги жөнөткөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: