Menu

Өкмөт: Ведомстволор аралык жумушчу комиссия мамлекеттик органдардын COVID-19 биринчи толкунуна каршы туруудагы кемчиликтерин жана сапатсыз ишин көрсөттү

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков мамлекеттик жана муниципалдык органдардын жана жергиликтүү бийлик органдарынын коронавирус инфекциясына каршы туруу, ошондой эле финасылык, гранттык жана гуманитардык жардамдарды рационалдуу пайдалануу маселеси боюнча ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун текшерүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын иши тууралуу маалыматты укту. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков мамлекеттик жана муниципалдык органдардын жана жергиликтүү бийлик органдарынын коронавирус инфекциясына каршы туруу, ошондой эле финасылык, гранттык жана гуманитардык жардамдарды рационалдуу пайдалануу маселеси боюнча ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун текшерүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын иши тууралуу маалыматты укту.

Иштин жүрүшүндө ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын мүчөлөрү тарабынан COVID-19 каза болгондордун саны боюнча айырмачылыктар, коронавирус инфекциясынан дарылоо пртоколунун өз учурунда кабыл алынбагандыгы, ошондой эле гуманитардык жардамды эсепке алуунун жана бөлүштүрүүнүн натыйжасыздыгы көрсөтүлгөн.

Атап айтканда, антикоагулянттарды жана башка маанилүү дармектерди камтыган COVID-19 илдетин дарылоонун үчүнчү протоколу Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан 1 айдан ашуун мезгилден соң кабыл алынган. Дарылоонун үчүнчү протоколу 2020-жылдын 15-майында киргизилип, атамекендик фармацевтикалык компаниялар өлкөгө киргизүү үчүн жактырылган дары-дармектердин тизимин 2020-жылдын 1-июлунда гана ала алган. Натыйжада, фармакологиялык компаниялар тараптан коронавирус инфекциясынан дарылоо үчүн маанилүү дары-дармектер республикага кечигүү менен алынып келинип, ал өлкөдөгү дары-дармектердин тартыштыгына жана аларга карата баанын өсүшүнө алып келген.

Комиссия мүчөлөрү тараптан келип түшкөн медициналык гуманитардык көмөктү кабыл алуу жана аны эсепке алуунун так жана ачык-айкын тутумунун жоктугу тууралуу жыйынтык чыгарылган. Көрсөтүлгөн жардам тууралуу жана ооруканаларга берилген гуманитардык жардамдар тууралуу маалыматтар ортосунда айырмаланган фактылар аныкталган.

Экинчи дарылоо протоколуна ылайык, 2020-жылдын июнь айында сатылып алынган дары-дармектер үчүнчү дарылоо протоколунун кабыл алынышына байланыштуу пайдаланылбай калган. Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Медициналык техника жана дары-дармек менен камсыздоо департаментинин кампаларында аталган дары-дармектердин чоң көлөмү табылган.

Мамлекеттик органдар комиссияга «Семетей» госпиталын жана ооруканаларды кайра түзүүгө жана профилин өзгөртүп түзүүгө кеткен чыгымдар тууралуу кеңири финансылык отчет берген эмес.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча көрсөтүлгөн фактыларды, ошондой эле ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын башка корутундуларын тыкыр талкуулоо жана коомдук чагылдыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин кароосуна киргизүү сунушталды.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын мүчөлөрү тарабынан жүргүзүлгөн талдоолордун жана сунуштамалардын негизинде жумушчу комиссиясы тарабынан саламаттык сактоо тутумундагы көрсөтүлгөн кемчиликтерди жоюу боюнча Иш чаралар планын даярдоосу тапшырылды.

Комиссиянын курамына медициналык кызматкерлер, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, жалпыга маалымоо каражатынын кызматкерлери, мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өкүлдөрү, жарандык активисттер жана көзкарандысыз эксперттер кирди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + = 15

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: