Menu

Равшан Жээнбеков “Альфа” ардагерлеринен элден кечирим суроосун талап кылды

Бөлүшүү:

Равшан Жээнбеков “Альфа” ардагерлеринен элден кечирим суроосун талап кылды. Бул тууралуу ал бүгүн, 20-январда билдирди.

“Альфа” ардагерлери, “Альфа” жетекчилери жана “Альфага” приказ бергендер тынч, өз үйүндө, жеке менчик жеринде жаткан Кой-Таштыктарды “боевой” автоматтар менен атканы үчүн кечирим суралбайт, эртели кеч, кылмыш жоопкерчилигине тартылат. А силер уялсаңар, коллегаларыңар элди атканы, жүздөгөн адамдарды жарадар кылганы үчүн элден кечирим сурагыла”, – деди ал.

Белгилей кетсек, 18-январдагы Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурумда айыпталуучулардын бири Равшан Жээнбеков менен маркум Үсөн Ниязбековдун апасы Өктөм Мамаева экөө уруша кеткен. Анда Жээнбеков Мамаеваны “Сенин балаң киши өлтүргүч”, – деп каккан. Өктөм Мамаева “Равшан Жээнбеков айткан сөздөрүн далилдесин, болбосо жооп берсин” деп, аны сотко берди.

Бул окуядан кийин УКМКнын “Альфа” атайын бөлүгүнүн ардагерлери маалымат жыйын уюштуруп, Равшан Жээнбеков Өктөм Мамаевадан эл алдында кечирим суроосун талап кылышты.

Бүгүнкү маалымат жыйынында полковник, УКМКнын “Альфа” атайын бөлүгүнүн ардагери Алмаз Жолдошалиев Жээнбековдун жүрүм-турумун туура эмес деп баалады.

“Сиз каза болгон Ниязбековдун энесинен жана мамлекеттин кызыкчылыгын коргоп жаткан аскер кызматкерлеринен терең кечирим суроого милдеттүүсүз”, – деп Алмаз Жолдошалиев Равшан Жээнбековго кайрылган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 76 = 85

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: