Menu

Токтогулда мал уурулук менен алектенген кылмыштуу топ колго түшүрүлдү

Бөлүшүү:

Токтогулда мал уурулук менен алектенген кылмыштуу топ колго түшүрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 21-январда Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, 15-январь күнү Токтогул районунун тургундары 1973-ж.т. С.Г., 1963-ж.т. Б.Д., 1947-ж.т. С.К. жана 1998-ж.т. Ы.Э. Токтогул РИИБне арыздары менен кайрылышып, өз арыздарында 2020-жылдын декабрь айынын орто ченинен 15-январга чейинки аралыкта короосундагы малдарын белгисиз кылмышкерлер уурдап кеткендигин билдиришип, ууруларды таап аларга карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранышкан.

Арызданган 4 атуулдан жалпы – 2 торпок жана 9 баш кой уурдалып, аларга 130 000 сомдон ашык материалдык чыгым келтирилген.
Жогорудагы арыздардын негизинде тергөө-ыкчам тобу тарабынан окуя болгон жерлерге кароо жүргүзүлүп, топтолгон материалдар 2021-жылдын 15-январь күнү Токтогул РИИБдин КЖБРне катталып, 4 факты боюнча КРнын Жазык кодексинин 200-беренесинин негизинде (Уурулук) сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тиешелүү кызматтарга аталган уурулуктун бетин ачып, шектүүлөрдү тергөөгө камсыздоо боюнча тергөө тапшырмалары берилген.

Тергөө тапшырмасынын негизинде жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, Токтогул районунун Терек-Суу айылынын мал базарында уурдалган 1 баш торпокту сатып жаткан жеринен шектүүлөр кармалып, тергөөгө камсыздалган. Тергөөнүн жүрүшүндө шектүүлөр Базар-Коргон районунун 1997-ж.т. тургуну Ж.Т., Нарын областынын Жумгал районунун 1996-ж.т. тургуну А.А., Талас областынын Бакай-Ата районунун 18 жаштагы тургуну Р.Б. экендиги аныкталып, РИИБдин УКЖга киргизилген.

Тергөө-ыкчам иштери андан ары улантылып, жогорудагы шектүүлөрдүн кылмыштуу шериктери бар экендиги такталган. Жалал-Абад ОИИБдин, Токтогул РИИБдин Криминалдык милиция кызматынын жана милициянын участкалык инспекторлору менен биргелешип жүргүзгөн иштеринин жыйынтыгында, 17-январь күнү Бишкек шаарынын аймагынан Токтогул районунун тургундары 1994-ж.т. Э.О. жана 1990-ж.т. У.Д.
кармалышып, тергөө кызматы тарабынан УКЖга киргизилген.  Шектүүлөрдүн баш коргоо чаралары райондук соттун тергөө судьясы тарабынан каралып, бардыгы тең бир айлык мөөнөткө камакка алынган.

Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылып, бул кылмыштуу топтун дагы башка кылмыштарга тиешеси бар же жоктугу боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 59 − 54 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: