Menu

Видео – Кара-Балтада сулуулук салондун атын жамынып иштеп келген кумар оюндарын ойноочу жай аныкталды

Бөлүшүү:

Кара-Балтада сулуулук салондун атын жамынып иштеп келген кумар оюндарын ойноочу жай аныкталды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

«Маркс жана Бейшеналиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги “Лаванда” сулуулук салонунун имаратында жүргүзүлгөн тинтүү учурунда ыкчам кызматкерлери кумар оюндарын ойнотуучу клубду табышкан. Атайын программалык камсыздоо, акча каражаттары жана мыйзамсыз иш-аракеттерди тастыктаган башка далилдер менен компьютердик жабдуулар табылды”, – деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, бөлмөдө казинонун кардарлары дагы болгон.

Кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 2015-жылдан бери кумар оюндарына, тотализаторлорго жана букмекердик кеңселерге тыюу салынган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: