Menu

Дастан Бекешев: “Алгач президент, спикер, премьер-министр элге үлгү болуп түз эфирде COVID-19ка каршы эмделсин”

Бөлүшүү:

“Алгач президент, спикер, премьер-министр элге үлгү болуп түз эфирде COVID-19ка каршы эмделсин. Ошондо, вакцинага элдер ишене баштайт”, – деп билдирди бүгүн, 21-январда депутат Дастан Бекешев ЖКнын жыйынында.

Ал ошондой эле, учурда коомдо коронавируска каршы вакцина боюнча көптөгөн пикир келишпестиктер болуп жатканын белгиледи.

“Болбосо көрүп жатабыз го. Кээ бир мамлекеттер вакцина чыгарып жатышат бирок, алардын жетекчилери вакцинаны колдонушпайт”, – деди ал.

“Өкмөт Pfizer вакцинасы Кыргызстанга ылайыксыз, аны сактай турганга муздаткыч жок, дагы 2 миллион доллар керек деп жатат. Бирок, чынын айтканда, андан башка вакциналар көп, мисалы, кытайлык вакцина, “Спутник V” ж.б.”, – деди ал.

“Менин оюмча, инаугурациядан кийин жаңы президент бизге кайсы вакцина керек экендигин өзү айтып, биринчи өзү эмделиши керек”, – деп кошумчалады ал.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 65 − = 64

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: