10-январда өткөн кезексиз президенттик шайлоодо жеңишке жетишкен Садыр Жапаров расмий түрдө премьер-министр кызматынан кетти. Бул тууралуу президенттик администрациянын башчысы Сүйүнбек Касмамбетов журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, министрлер кабинетинин башчысы Садыр Жапаровду кызматтан алуу чечими БШК добуш берүүнүн жыйынтыктарын расмий бекиткенден бир күн мурун кабыл алынган.
Сүйүнбек Касмамбетов өкмөт толугу менен отставкага кеткенин, бирок, алар жаңы министрлер кабинети дайындалганга чейин өз милдеттерин аткара берише тургандыгын белгиледи.
Белгилей кетсек, Садыр Жапаровдун инаугурациясы 28-январда Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда болот.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ