Menu

Кыргыз өкмөтү отставкага кетти

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов «Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 21-январда президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоонун натыйжаларын 2021-жылдын 20-январында расмий жарыялагандыгына жана С. Н. Жапаровдун Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин ыйгарым укуктарын токтоткондугу жөнүндө арыз бергендигине байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 87-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 13-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 23-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 2-бөлүгүнө, 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна жана 4-бөлүгүнө ылайык токтом кылынат:

— С. Н. Жапаровдун Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин ыйгарым укуктарын токтоткондугу жөнүндө арызы кабыл алынсын жана ал ээлеген кызматынан бошотулсун;

—  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иштеп жаткан курамы кызматынан кетти деп эсептелсин;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы курамы түзүлгөнгө чейин милдеттерин аткарат деп белгиленсин;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы курамы түзүлгөнгө чейин Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруу Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу А. Э. Новиковго жүктөлсүн.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: