Нур-Султанда ондогон дарыканалардын ээлери бир катар дарылардын, анын ичинде корнавирус инфекциясын дарылоодо колдонулуучу препараттардын баасын төмөндөтүү жөнүндө чечим кабыл алган бийликтин аракетине тынчсызданууларын билдиришти.
Ишкерлер дары базарында дефицит жаралышы ыктымал экенин эскертишип, саламаттык сактоо министрин былтыр декабрдын аягында кабыл алган буйругун жокко чыгарууга үндөштү. Кеп 200дөй дары-дармек жана алардын баасы жөнүндө болуп жатат.
Дарыкана ээлери азыр белгиленген баа дары-дармектердин өз баасынан да төмөн экенин айтышып, банкротко кептелүү коркунучунда турушканын белгилешти:
— «Клексан» препараты жетишпей жатат. Биз аны дүңүнөн 17 миң теңгеден алып, 18 миң теңгеге сатчубуз. Эми Саламаттык сактоо министрлиги өз буйругу менен анын баасын 13 миң теңгеге түшүргөн. Биз эмне өзүбүз зыян тарткыдай сатышыбыз керекпи? – деди ишкер Марал Сайлыбаева.
Ишкерлер саламаттык сактоо министри Алексей Цойго кайрылышып, бул буйрукту түшүндүрүп берүүнү, документти үч ай артка жылдырууну, мүмкүн болсо такыр эле жоюп таштоону сурашты.
Былтыр декабрда Өнүгүү жана атаандаштыкты коргоо агенттиги мындан ары ковидге каршы препараттардын дарыканалардагы баасы орточо 27% төмөндөй турганын билдирген.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ