Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган мыйзамга ылайык, парламенттик шайлоо конституциялык реформа жүргүзүлгөндөн кийин өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 21-январда БШКнын төрайымы брифингде билдирди.
Буга чейин конституциялык реформа жүргүзүү үчүн Конституциялык Кеңешме түзүлүп, шайлоо жана референдум учурунда ишин токтоткон.
Белгилей кетсек, Жогорку Кеңешке шайлоо 2020-жылы 4-октябрда өткөн, бирок 5-6-октябрдагы окуялардан кийин БШК массалык мыйзам бузуулардан улам шайлоону жараксыз деп тапкан. БШК кайрадан шайлоону 20-декабрга дайындаган. Бирок ЖКнын депутаттары БШКга кайра шайлоо дайындоого мүмкүндүк берген шайлоо жөнүндө конституциялык мыйзамдын жоболорун токтоткон.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ