Жүрөгү, омурткасы ооруп, операцияга муктаж болгон Алмазбек Атамбаевди эркиндикке чыгарууга убакыт жакындап калганын эшиттик. Эгерде түрмөдөн ары карап кетсе, анда кайрадан нааразычылык акциялар жаралышы анык. Аягы басылбаган чоң чатактар ырбайт. Мамлекет олку-солку болуп турганда коогалаңдын кимге кереги бар? Ошон үчүн Атамбаевдин камактан чыгаары күтүлүп, Кремль төбөлдөрү да тынчсызданып жатканы айтылууда. Орустар менен мамилени бузуу кимге опо?
Андыктан, экс-президент Москвага барып, жогорку профессионалдуу врачтардын көзөмөлүндө дарыланып, ден-соолугун чыңдап алса, анан кайрадан сот процесстерине активдүү катышса керек. Атамбаевдин саламаттыгы начар болгону менен духу бийик эмеспи. Баардык суроолорго жооп берүүдөн качпайт да.
Булак: Азия News гезити
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ