Садыр Жапаров инаугурация күнү резиденциядан баштап филармонияга чейинки жолду жабууга тыюу салды. Бул тууралуу “Мекенчил” партиясынын өкүлү Адинай Марипова Facebook социалдык тармагындагы баракчасына жазып чыкты.
“10 миллион сомдук чыгымга да каршы экенин билдирди. Инаугурация күнү жолдор жабылбайт. 10 миллион сомдук чыгым болбойт. Инаугурация жөнөкөй эле өтөт. Филармониянын алдынан эле залга кирет, ант берет, кайра чыгып кетет”, – деп жазган ал.
Андан сырткары, Президент болгондон кийин баарынан ГАИнин коштоосун алып, жол жапканды токтотот.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ