Menu

Сулайман Кайыпов, профессор: “Атын Акылбек койгон менен акыл-эстүү болуп калбайт көрүнөт…”

Бөлүшүү:
Профессор Сулайман Кайыпов депутат Акылбек Жапаровдун парламентте “Керек болсо эшелон-эшелон кылып поезд менен балдарыбызды жеткиргенге аракет кылышыбыз керек. Билеттердин баарын өкмөт субсидия кылып бериши керек” деп сүйлөгөн сөзүнө Facebook социалдык тармагындагы баракчасы аркылуу пикирин билдирди.
“Ой тообо! Ошондой да кеп болобу? Андан көрө, депутат Акылбек Жапаров:
“Эй, кыргыздын колунда бар, капчыгы толо уул-кыздары! Отуз жылдан бери сандырактай берип, жетер жерге жетип калдык көрүнөт. Мындан да артка кетсек, чырактай кыз-келиндерибиз, бакандай жигиттерибиз дагеле башка өлкөлөрдө кул болуп жүрө берсе, улутубуздун келечеги кандай болот? Бул өлкө кимге калат? Эсибизге келели, анча-мынча жыйнап алган мал-мүлкүбүзгө ишенип эсирбейли! Ал мал-мүлк чын-чынына келгенде ушул элдики эмеспи. Агынан жарылып айта турган болсом, бир нечебиз аябай байып кетпесек да, эпчилдик менен байсымак болуп алганбыз. Эми баарыбыз арууланалы, самолюстрациядан өтөлү! Кол эмгегине, акыл эмгегине жарамдуу адамдарыбызды өз өлкөбүздө пайдаланууну ойлонолу.
Мигранттык турмуштун жүзү курусун, эй байсымактар, канчалаган тагдырлар кыйрап жатат. Урма-дурма келип жаткан “Жүк-200” деген балээни айт! Канча бала кароосуз калып, ата-эне мээримине зар болуп, жат бүлөдө өсүп жатат. Алардын келечеги кандай болот? Тирүүлөй жетим болуп, көз жашы көл болуп зарлаган балдардын убалы кимге? Биз алардын тагдырын ойлобосок, адам экенибиз кайсы, кыргыз экенибиз кайсы? Анча-мынча жыйнап алган байлыгыбыздын керги ушуларга, өлкөбүзгө тийбегенде ташка тийеби? Мигранттар жиберген акча менен күн көрүүнү улантып туралы дегенге мындан ары эч кимибиздин кымындай да акыбыз жок!
“СУНУШ КЫЛАМ: баарыбыз биригип, ортого каражат чыгарып, ӨНДҮРҮШ ФОНДУН түзөлү. Балдар-кыздарыбызды бөтөн элге жалдыратпай, алар үчүн орток иш орундарын ачалы. Ошону менен өлкөбүздө ар кыл тармактар боюнча өндүрүштү да жолго коёлу. Экономикабыздын тиреги ошол биз баарыбыз биригип ачкан орток ишканалар, өндүрүш борборлору болуп калсын. Ак эмгек менен байыган адамдарыбыздын саны артып, бюджетибизди төлөгөн төлөгөн салыгы менен толтурсун. Убакыт жок, кичинеден болсо да кечиктирбей баштайлы. Ошону менен өзүбүздүн байлыгыбызды да эселеп арттырып алалы. Ооба, ортого койгон байлыгыбызды эч ким жеп кетпейт, ал өзүнөн-өзү артып, арбып отурат. Бириктирип, кошуп, ортоктошо иш кылсак, бирибиз миң болоруна ишенем. Бар нерсесин өз элинен, өз өлкөсүнөн кызганган макулуктун абалына түшпөйлү! Бир тууган өзбек элинин уулдарынан өрнөк алалы. Алар өз өлкөсүн өнүктүрүү үчүн жүздөгөн миллион долларларды бюджетке кайтарымсыз төгүп берип, зыңгыраган бойдон басып кетип жатпайбы. Андай эрлер бизде жок экен! Ошентсе да, майдаланбайлы! Мына мен ортого 1 000 000 (бир миллион) доллар чыгардым, колумдан келгени ошол! Силер да чыгаргыла! Ушул жаздан кечикпей, өндүруш тармактарын жандандыралы, уул-кыздарыбызга иш берели! Тирүүлөй жетимдердин ата-энелери балдарына кайтып келсин! Улутубуз чачылбасын! Туубузду желбирете тутуп алып, өлкөбүздүн экономикалык, гуманитардык, адеп-ахлактык пайдубалын бекемдөө үчүн кара жаныбызды карч уралы!” деген чакырык таштаса, урматтуу депутатты түшүнөр элем, атаганат. Ага сый-урматым да артмак…
Кантели… Биздин жигиттердин капчыгы толгон сайын көөдөнү бошой берет окшойт ко… Атын Акылбек койгон менен акыл-эстүү болуп калбайт көрүнөт… Каран калгыр ай, “Манасты тууган кыргыздын катындары Манас эмей эле, бул сапар, ушул Алишер Усмановдун чейрегине тете бир бала тууп койсо эмне-е-е-е…” деп өксүй түшкөнүмү кантип жашырам”, – деди ал.
Белгилей кетсек,  ЖКнын 20-январдагы жыйынында депутат Акылбек Жапаров: “Согуш убагында эшелон-эшелон менен орус элин Кыргызстанга ташып келип жардам бербедик беле. Азыр ошону кайра кайтара турган убакыт келди”, – деп билдирген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 16 − 13 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: