Menu

Садыр Жапаров: “Каржылык чоң чыгымдарды талап кылган атайын кортежден, банкет жана башка уюштуруу иш-чараларын өткөрүүдөн баш тарттым”

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын жаңы шайланган Президенти Садыр Жапаров мамлекет башчысынын кызматка киришүү аземин уюштурууга байланыштуу маселелерге комментарий берди. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирет.

Төмөндө Садыр Жапаровдун комментарийи:

“Урматтуу кыргызстандыктар!

Октябрь окуяларынан кийин түзүлгөн саясий кырдаалды, өлкөнүн экономикалык, каржылык жана эпидемиологиялык абалын эске алуу менен, мындай кырдаалда өлкөнүн экономикасына оорчулук келтирүүчү иш-чаралардан баш тартууга тийиш экендигибизди белгилей кетүү зарыл деп эсептейм. Элибиз бизди түшүнөт жана колдойт деп ойлойм.

Мамлекет башчысынын кызматка киришүүсүнүн калыптанып калган салттарына, стандарттарына жана жол-жоболоруна ылайык, иш-чаралар планын иштеп чыккан Уюштуруу комитетине ыраазычылык билдирем.

Мен каржылык чоң чыгымдарды талап кылган атайын кортежден, банкет жана башка уюштуруу иш-чараларын өткөрүүдөн баш тартууну чечтим. Президенттин кызматына киришүүдө мыйзам талап кылган милдеттүү жол-жоболорду гана эске алуу менен ишке ашыруу маанилүү.

Мамлекет бүт көңүлүн өлкө каражаттарын элге жана алардын муктаждыктарына колдоо көрсөтүүгө пайдаланууга бурушу зарыл”.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: