Menu

Жаңы-Ангрен ЖЭБиндеги жарылуудан каза болгондордун жакындары станцияда жумушчуларга шарт түзүлбөгөнүн билдиришүүдө

Бөлүшүү:

Жаңы-Ангрен жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) жарылуудан мерт болгон жумушчулардын жакындары окуяны тыкыр иликтөөнү сурашты.

Маркум Назира Режабаеванын келини Лола Бойгозева жарылууга электр станциясында кооптуу абал себеп болгон деп эсептейт. Анын айтымында, авария болгон жерге жумушчулар 24 саттан кийин жөнөтүлүшү керек болчу, бирок алар 12 саатан кийин эле барышкан. Жетекчилик алардын ден соолугун жана коопсуздугун эске алган эмес.

– Күйөө балабыз 52 метр бийиктикке чыгып, мындайча айтканда үч жумушчунун сөөгүн чогултуп келди. Болуп көрбөгөндөй катастрофа, 100 пайыз күйүк алышкан. Жерге берүү зыйнаты учурунда ЖЭБден бир да киши келген жок. Болгону 200 доллар беришти. Бирок бардык жерде “материалдык жана моралдык жардам көрсөтүлдү” деп жалган маалымат таратышууда. Эжебиз өлдү, эки баласы жетим калды – буга ким жооп бере?! – деди Лола Бойгозова.

Бул арада станциянын бир катар кызматкерлери эгер ЖЭБдеги абал чечилбесе, трагедия кайра кайталанышы ыктымал экенин айтышууда.

20-январь күнү түштө Ташкент облусундагы Жаңы-Ангрен жылуулук электр станциясынын профилактикалык иштер үчүн токтотулган 5-энергоблогунда жарылуу болгон.

Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) кабарлагандай, окуядан үч киши өлүп, дагы үчөө ар түрдүү деңгээлде жаракат алган.

Өзбекстандын Башкы прокуратурасы бул окуяны Ангрен шаарынын прокуратурасы тергеп жатканын кабарлаган.

Буга чейин “Озодлик” радиосу эки апта мурун Талимаржан жылуулук электростанциясынын эки буу казаны чукул түрдө ишин токтотконун, буга байланыштуу Кашкадарыя облусунун бир катар аймактары жана шаарлары жарыксыз калганын маалымдаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 27 + = 37

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: