Menu

Генпрокуратура УКМКнын экс-башчысы Абдил Сегизбаевге козголгон кылмыш ишинин чоо-жайын айтты

Бөлүшүү:

УКМКнын мурдагы башчысы Абдил Сегизбаев Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын жана Таш-Мойнок айыл өкмөтүнүн кызматкерлери менен биргеликте жайыт жерлерин мыйзамсыз трансформациялаган. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Белгиленгендей, Абдил Сегизбаев Кой-Таш айылында жайгашкан 2,2 гектар жайыт жерин 49 жылга колдонууга алып, капиталдык курулуштарды жүргүзгөн. Ал кылмыштуу иштерин жашыруу максатында мүлктү жакын туугандарынын атына каттаткан.

Сегизбаевдин карындашынын атына катталган жайыт жерлеринде эч кандай уруксат кагаздары жок, ар кандай капиталдык объектилер уруксатсыз курулуп, электр энергиясы тартылган.

“Абдил Сегизбаев жана анын жакын туугандары, ошондой эле Таш-Мойнок айыл өкмөтүнүн кызматкерлери жер тилкелеринин ээлеринин ишеним каттарын жасалма жол менен жасашкан. Ал учурда ээлердин айрымдары Кыргызстандан чыгып кетишкен, калгандарынын көздөрү өтүп кеткен. Бул кылмышын жашыруу максатында Аламүдүн райондук соту аркылуу мыйзамсыз чечимдерди чыгартып алышып, жарандарга үлүш катары берилген жалпы аянты 18,46 гектер айыл чарба багытындагы 92 жер тилкесин жеке менчигине өткөрүп алышкан“, – деп айтылат билдирүүдө.

Материалдар КЖБРге КР Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси боюнча катталган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 67 = 76

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: