Menu

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги социалдык коргоонун 117 маалыматтык-сурап билүү линиясын ишке киргизет

Бөлүшүү:

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги социалдык коргоонун 117 маалыматтык-сурап билүү линиясын ишке киргизет. Бул тууралуу бүгүн, 23-январда аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, социалдык коргоо боюнча 117 маалыматтык-сурап билүү линиясы Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин аймактык бөлүмдөрүнүн адистеринин турмуштук оор кырдаалда турган адамдарга, анын ичинде гендердик жана үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылгандарга социалдык колдоо көрсөтүү, ошондой эле калк менен кайтарым байланыш түзүү боюнча ишин өркүндөтүү максатында түзүлгөн.

Чалуулар акысыз кабыл алынат. Райондук/шаардык эмгек жана социалдык өнүктүрүү бөлүмдөрүнүн кызматкерлери министрликке байланыштуу бардык маселелер боюнча жарандарга кеңеш беришет.

Келечекте 117 линиясы социалдык жардам боюнча корпоративдик маалымат тутуму, ошондой эле ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутуму “Түндүк” менен интеграцияланат.

Министрдин айтымында, пандемия учурунда ишеним телефону жана операторлордун консультациясы өзгөчө актуалдуу. Тилекке каршы, өлкөдө үй-бүлөлүк зомбулуктун деңгээли төмөндөбөй жатат.

117-линиясы – бул үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккендерге жардам берүүчү маанилүү чаралардын бири. Анын жардамы менен биз зордук-зомбулук фактыларына тезирээк реакция жасайбыз, зомбулуктун андан аркы алдын-алуу үчүн маалыматтарды иштеп чыгабыз, кырдаалды чечимдерди кабыл алабыз, ошондой эле жабыр тарткандарга укуктук жана психологиялык жардам көрсөтө алабыз », – деп белгиледи министр.

Өнүгүү боюнча өнөктөштөрүбүзгө: Калк Фондусуна жана Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы Элчиси Чарльз Гарреттке, жана жалпы британ элине көрсөтүлгөн техникалык жардам үчүн өзгөчө ыраазычылыгымды билдирем.

“Бүгүн биз бардык керектүү гарнитуралары менен телефондорду алуудабыз, бул ушул жылдын февраль айында аталган линияны ишке киргизүүгө мүмкүндүк берет”, – деди министр.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: