Menu

ИИМ: Ысык-Көлдө жүргүнчү марихуана менен кармалды

Бөлүшүү:

Кечээ, 24-январда Ысык-Көлдө жүргүнчү марихуана менен кармалды. Бул тууралуу ИИМдин  БМЖКККнын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, Ысык-Көл  РИИБнүн өндүрүшүндөгү Кыргыз Республикасынын КЖКнин 268 берененин негизинде козголгон сотко чейинки кылмыш иш боюнча, Ысык-Көл РИИБ БМЖККК жана  ИИМдин БМЖКККнын Ысык-Көл жана Нарын облустар боюнча башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте,  Балыкчы-Чолпон-Ата жолунан Мерседес үлгүсүндөгү автоунаасын текшерүү үчүн токтотуп, 1992-ж.т. Б уулу Т  жүргүнчүсүнө өздүк кароо  жургүзгөн учурунда  кол пакетинин ичинен  кара куурай  кендир өсүмдүгү салынган  3 литрлик банка  табылып алынган.

Соттук химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык табылып алынган зат салмагы 1 кг 330 граммды «марихуана» түзгөн баңгизаты болуп аныкталган.

Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, сотко чейинки ондүрүш иши уланууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 22 = 30

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: