Menu

ЕАЭБтин бажы аймагына мыйзамсыз ташылып келинген баасы жарым миллион сомдон ашуун товар кармалды

Бөлүшүү:

ЕАЭБтин бажы аймагына мыйзамсыз ташылып келинген баасы жарым миллион сомдон ашуун товар кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-январда Бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, ЕАЭБтин бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү/чыгуу фактыларын табуу жана аларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, “Баткен” бажысынын кызматкерлери Баткен областында “М.А.А,” аттуу КР жаранынын башкаруусундагы “Мерседес Бенц Спринтер” үлгүсүндөгү автотранспорт каражатын токтотуп текшеришкен.

Жогоруда көрсөтүлгөн транспорт каражатынын жүк бөлүгүн текшерген учурда КР чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан 25000 метр 25 жана 50 мм болгон изоляцияланбаган алюминий зымдар табылган.

Кармалган товардын жалпы наркы 540000 сомду түзөт. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 63 = 64

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: