Menu

Фото – УКМК: Ош облусунан эл аралык баңгизаттар каналына бөгөт коюлду

Бөлүшүү:

22-январда КР Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренеси боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында, Ош шаарынан мамлекеттик чек арадагы баңгизат тобунун кылмыштуу ишине бөгөт коюлду. Бул тууралуу бүгүн, 25-январда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Такталгандай, кармалган 1966-ж.т. К.М. жана 1962-ж.т. У.М. аттуу КР жарандары Борбордук Азия өлкөлөрүнө баңги заттарды ташуу жана сатуу
үчүн туруктуу канал түзүшкөн.

Авто унаасын тинтүү учурунда алдыңкы отургучунун астынан салмагы 100 граммды түзгөн кочкул күрөң түстөгү өзгөчө жыты бар зат табылган. 23-январда кармалган У.М. жашаган жери боюнча санкцияланган тинтүү учурунда жана аймактан кампа жайлары табылып, жалпы салмагы 500 граммдан ашык кочкул күрөң түстөгү үч брикет табылып алынды.

Экспертизанын корутундусуна ылайык, изилдөө үчүн берилген заттар – жалпы салмагы 600 граммдан ашык кара куурай чайыры (гашиш) баңги заты болуп саналат.

Кармалган К.М. жана У.М. КР УКМК Ош шаардык жана Ош областык башкы башкармалыгынын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда КР УКМК бул фактыга тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган тиешелүү чаралар көрүлүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 30 + = 35

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: