Menu

Израиль эл аралык аба байланышын бир жумага токтотот

Бөлүшүү:

Израиль дүйшөмбү күнү кечинде эл аралык аба байланышын бир жумага токтотот. Бул тууралуу жекшембиде Биньямин Нетаньяхунун өкмөтү билдирди.

Премьер-министрдин айтымында, өлкө «толук жабылып», израил жарандарынын кирип чыгуусу үчүн негиздүү себептер болушу керек.

Израиль өкмөтү мындай чечимин калкты эмдөө иштери жүрүп жатканда өлкөгө коронавирустун жаңы штаммынын кирүүсүнө жол бербөө зарылдыгы менен түшүндүрүүдө.

Израиль калкты эмдөөнүн темпи боюнча дүйнөдө биринчи орунда турат. Бүгүнкү күнгө карата өлкө калкынын 25% кеминде вакцинанын бирден дозасын алды. Бийлик марттын аягына чейин 18ден ашкан жарандардын баарын эмдөөдөн өткөрүүнү көздөп жатат.

Өлкөдө бери дегенде январдын аягына чейин созула турган катаал карантин режими күчүндө. Израиль бүгүнкү күндө калктын жан башына эсептегенде бейтаптар эң көп катталган алдыңкы өлкөлөрдүн катарына кирет. Ошол эле маалда COVID-19дан өлгөндөрдүн саны боюнча өлкө дүйнөдө эң төмөнкү көрсөткүчкө ээ (1% аз).

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: