УКМКнын экс-башчысы Абдил Сегизбаев УКМКда сурак берип жатат. Бул тууралуу Абдил Сегизбаевдин Facebook социалдык тармагындагы баракчасына жазылды.
“Бүгүн эрте менен УКМКнын кызматкерлери чакыруу кагазын алып келип, Абдил Сегизбаевди суракка алып кетишти. Сегизбаев сурактан чыга элек, 7 сааттан ашык убакыт өттү”, – деп жазылган баракчада.
Белгилей кетсек, буга чейин Генпрокуратура Сегизбаев коррупцияга шектелип жатканын билдирген. Ал эми Сегизбаев күнөөсү жок экенин айткан.
Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ