Menu

УКМКнын экс-башчысы Абдил Сегизбаев экс-атамекенчи Алманбет Шыкмаматовдун арызы боюнча камакка алынды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 25-январда УКМКнын экс-башчысы Абдил Сегизбаев камакка алынды. Бул тууралу Кыргыз Республикасынын Аскер прокуратурасы билдирет.

2021-жылдын 14-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Шыкмаматовду, А.Салянованы жана Ө.Текебаевди Кыргыз Республикасынын элинин алдында дискредитациялоо менен аларды кылмыш жасагандыгы жөнүндө атайылап айыптап, жаманатты кылгандыгы боюнча чара көрүү жөнүдөгү А.Шыкмаматовдун мурдагы арызы боюнча Кыргыз  Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 320-бер. (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен сотко чейинки өндүрүш иши катталган.

Тактап айтканда, «Белизгейт» деп аталган иши менен Кыргыз Республикасынын УКМКнын мурдагы төрагасы А.Сегизбаевдин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы жана башка мыйзамсыз аракеттери боюнча.

Кыргыз Республикасынын Аскер прокуратурасы жана УКМК тарабынан аталган сотко чейинки өндүрүш ишин жүргүзүү алкагында А.Сегизбаевдин жогорудагы кылмышты жасагандыгы тууралуу жетиштүү далилдер топтолуп, Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 98-бер. негизинде ал Бишкек ШИИБнин УКЖсына кармалган.

Азыркы учурда, кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тийиштүү тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 11 − 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: