Menu

Путин Навальныйдын иликтөөсүндө айтылган «хан сарай» ага таандык эмес экенин билдирди

Бөлүшүү:

Орусиянын президенти Владимир Путин Алексей Навальныйдын Коррупцияга каршы күрөш фонду жарыялаган иликтөөдө айтылган Геленжектеги «хан сарай» ага таандык эмес экенин билдирди. Бул тууралуу ал 25-январда студенттер менен онлайн жолугушуусу учурунда айтты.

«Бош убактымдын жоктугунан улам иликтөөнү толук көргөн жокмун, бирок жардамчыларым алып келип берген үзүндүлөрүн барактап чыктым. Ал жерде меники деп көрсөтүлгөндүн баарынын мага да, туугандарыма да эч кандай тиешеси жок», — деди Путин.

Өткөн жумада оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный негиздеген Коррупцияга каршы күрөш фонду президент Владимир Путинге таандык деген имараттар жөнүндө иликтөө жарыялаган. Анда Краснодар аймагындагы Геленжикке жакын жердеги Путинге таандык деген «хан сарай» тууралуу сөз болот. Бул фильмди бир апта аралыгында «YouTube» порталында 85 миллиондон ашык адам көрдү.

Бул иликтөө Алексей Навальный Германиядан Орусияга кайтып келип, сот чечими менен 30 суткага камакка алынгандан кийин жарыяланган.

23-январда Орусиянын бир катар шаарларында Навальныйды камактан чыгарууну талап кылып бийликке каршы акциялар өткөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: