Menu

$250 миң пара менен кармалган “Ата-Мекенчи” Улан Жураев тергөө менен кызматташып, үй камагына чыкты

Бөлүшүү:

“Кыргыз темир жолу” ишканасынын жетекчилигинен $250 миң талап кылгандыгы үчүн УКМК тарабынан кармалган активист жана ишкер Улан Жураев үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу «24.kg» басылмасы өздүк булактарына таянып жазып чыкты.

Такталгандай, мындай чечимди Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту чыгарган.

Улан Жураев тергөө менен кызматташуу келишимине кол койгон. Ал эми Мелис Аспеков камакта отурат.

Белгилей кетсек, 8-январда УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен 250 миң доллар талап кылууга шектелип активисттер Мелис Аспеков менен Улан Жураев кармалган. Алар “Кыргыз темир жолу” ишканасын ЖАМК текшерет, ишкананын жетекчилигине каршы митингдерди уюштурулат деп коркутуп, акча талап кылышкан.
10-январда Биринчи май райондук соту активисттер Мелис Аспеков менен Улан Жураевди 9-мартка чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагына камакка алуу тууралуу чечим кабыл алган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: